БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин чечими менен өлкөгө электрондук чылым ташып кирүүгө алты айга тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, электрондук тамеки жана никотин суюктугу камтылган электрондук каражаттарды, никотин жеткирүүчү системалар, картридж, резервуар жана башка идиштердеги никотин суюктуктарын алып кирүүгө тыюу салынган.
Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.