БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Депутат Дастан Бекешев университеттерде сабакты бир күн калтырган студенттерге 1000 сом айып салынып жатканын Жогорку Кеңеште билдирди.
Анын айтымында, мындай тажрыйба Эл аралык медициналык университетте жана башка колледждерде да байкалууда.
"Муну токтотуу керек. Бул элди бай-кедейге бөлүү да. Эгер жакыр болсоң сабактан калууга болбойт экен да, бай болсоң төлөп коесуң деген сөз да. Билим берүүдө мындай көрүнүш болбошу керек", — деди депутат.
Илим жана жогорку билим берүү министринин биринчи орун басары бул маселе көзөмөлгө алынарын убадалады.