БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкектин четинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери үчүн ден соолукту чыңдоочу комплекс ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Кызыл-Белес" деп аталган борбор Таш-Мойнок айылында жайгашкан. Жалпы аянты 19 гектарды түзөт. Аймакта бардык шарт каралып, 15 эс алуу үйү курулган. Андан тышкары, узундугу 600 метр болгон асма жол салынган.
УКМК төрагасы белгилегендей, бул комплекс кызматкерлерге жана ардагерлерге, ошондой эле алардын үй-бүлөсүнө жайында да, кышында да эс алууга шарт түзөт.