БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинде Мамлекеттик кызмат тутумун бюрократиядан арылтуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын VI отуруму өттү.
Аны өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев жетектеди.
Ведомстволор аралык комиссия 2025-жылдын март айында түзүлүп, биринчи иш-чаралардын пакети, анын ичинде 36 ченемдик-укуктук акт жана 10 системалык көрсөтмө февраль айында бекитилген. Сегиз айдын ичинде ушул сыяктуу чечимдердин алты пакети кабыл алынган.
Отурумда бюрократияны жоюу боюнча чаралардын VI пакетин түзгөн сунуштар айтылды.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Улуттук статистика комитети өкмөттүн концепциясын иштеп чыккан. Ал маалыматтарды талдоонун негизинде башкаруу чечимдерин кабыл алуу практикасын ишке ашырууну карайт.
Мында Экономика министрлигинин алып бара турган иштери белгиленди. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө "нөл-плюс" жана "нөлдүк бюрократия" принциптерин, "Түндүк" системасы аркылуу даректүү ыкмага жана автоматтык эсептөөлөргө өтүү максатында салыктык чегерүүлөргө талдоо жүргүзөт. Бизнеске профилактикалык консультация берүү системасын киргизүүнү сунуштайт, онлайн-соодага салык салуу реформасын ишке ашырат.
Мамлекеттик органдар тарабынан берилген жарлыктар жана башка көптөгөн демилгелер менен сунуштар бюрократияны кыскартуу боюнча чаралардын алтынчы пакетине бириктирилип, ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан жактырылды.
Бул пакетти ишке ашыруу ашыкча административдик процедураларды андан ары кыскартууга, кайталанма талаптарды жоюуга, санариптик чечимдерди колдонууну кеңейтүүгө жана эл менен бизнестин муктаждыктарына мамлекеттик башкаруунун көңүл буруусун жакшыртууга багытталган.