24-декабрга карата аба ырайы

24-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Шаршембиде республиканын айрым аймактарына туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 2…7, Талас облусунда 1…6, Ысык-Көл чөлкөмүндө 0…5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 3…8, Нарын өрөөнүндө 0…-5 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 5…7, Ош шаарында 3…5 градус болот.
Кыргызстан боюнча 29-декабрга чейинки аба ырайынын божомолу