Жаңы жылда дасторкон үстүн даамдуу тамактарга толтуруу ар бир кожойкенин милдети болот эмеспи. Анткени жаңы жылдык дасторкон үйгө береке, токчулук жана ынтымак алып келет деген ишеним бар. Кыргыз элинде бул күнү дасторконго эттүү тамактар, боорсок, нан жана таттуу азыктар коюлуп, алардын ар бири өзүнчө маанини билдирет. Мандарин менен шампан болсо майрамдык маанайды толуктап турат. Эл ичинде жаңы жыл кандай тосулса, жыл ошондой өтөт деген түшүнүк жашап келет. Ошондуктан кожойкелер дасторконду колунан келишинче көрктөндүрүп, жакындарын жылуу маанайда тосуп алышат.
Жаңы жылдык дасторкон үй-бүлөнү бириктирип, жылдын башын кубаныч менен тосууга шарт түзөт. Бул тууралуу кененирээк “Көз мончок” уктуруусунан уга аласыздар.