Жогорку категориядагы дарыгер-уролог, хирург Тилек Молдокулов лазердик хирургиянын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. Анын айтымында, лазердик ыкма оорутпай, кесүүсүз жана минималдуу кан кетүү менен жасалганы үчүн бейтаптарга эң коопсуз жолдордун бири болуп саналат. Мындай технология таш ооруларын жана простатанын чоңоюшу сыяктуу көп кездешкен учурларда ийгиликтүү колдонулуп келет.
Лазердин так иштеши айланасындагы ткандарга зыян келтирбейт, ошондуктан бейтаптын сакайып кетүү мөөнөтү да тез болот. Көпчүлүк учурда операциядан кийин бейтап ошол эле күнү өзүн жакшы сезип, тез эле кадимки жашоого кайта алышат.
Тилек Молдокуловдун айтымында, Кыргызстанда лазердик жабдуулар жана адистердин даярдыгы жылдан жылга жакшырган. Дарыгер жарандарды өз ден соолугуна көңүл бурууга жана оорунун белгилери байкалганда дароо адиске кайрылууга чакырат.