Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Улуттук банк быйылкы жылдын эсебинен эң көлөмдүү интервенция жасап, валюта базарына 179,5 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жазылды. Башкы банк рынокко алгач 106,5 миллион, ага удаа эле 73 миллион доллар салган. Эске салсак, УБ жыл башталгандан тарта сегиз жолу интервенция жасап, жалпы 853 миллион долларды жүгүртүүгө чыгарган. Быйыл башкы каржы мекемеси бир да жолу доллар сатып алган эмес. Улуттук банк интервенцияны валюта рыногундагы чет элдик акчанын тартыштыгын толуктоо үчүн жасайт. Бул негизги курал өзгөрүлмө режим учурунда сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн да пайдаланылат.
2026-жылдын 1-январынан тарта Токмоктогу мал базар жабыла турганын шаар мэриясы билдирди. Маалыматта мындай чечим инженердик, санитардык жана ветеринардык инфратүзүм жок болгону үчүн кабыл алынганы айтылат. Текшерүү учурунда төмөнкүдөй алешемдиктер аныкталган: малды кароо жана сатуу үчүн шарт жок; аймактын санитардык абалы начар; коомдук жайларда, анын ичинде дааратканада да шарт жок; дренаж жана суу агып кетүүчү арыктар жок болгондуктан дайыма чыла; соода объектилерин жайгаштырууда шаар куруу жана жер мыйзамдары бузулган; базардын аймагында жол коопсуздугу камсыздалган эмес.
Улуттук банк жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эл аралык миграция уюму менен бирге мигранттар жана алардын үй-бүлөсү үчүн финансылык сабаттуулук боюнча чыккан окуу куралын презентациялады. Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, которулган акча мигранттардын үй-бүлөсүнүн 41 пайызы үчүн негизги киреше булагы болуп саналат. Ошол эле учурда чыгымдарды жабуу менен чектелбестен, узак мөөнөттүү финансылык туруктуулукту да калыптандырууда. Улуттук банк калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу регулятордун стратегиялык милдеттеринин бири экендиги белгилеген. Эмгек министрлиги миграцияга байланыштуу чечим кылдат ойлонулушу керектигин эскертти: чет жакта иштөөнүн оң жана терс жактарын таразалап, үй-бүлө мүчөлөрү менен кеңешип туруп бир жыйынтыкка келүү сунушталды. Ошондой эле ведомстводо миграциялык саясаттын концепциясын ишке ашыруунун алкагында элдин сыртка агылышын азайтуу жана мигранттар менен мекендештердин өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө инвестиция салуусу үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүлүп жатканы маалымдалды. Бул миграциянын өмүр бою зарылчылыкка айланып кетпеши үчүн жасалууда.Окуу материалдары менен Finsabat.kg сайты аркылуу таанышууну камсыздоо пландаштырылууда.
Россиянын активдерин конфискациялоо боюнча Германиянын демилгесине Бельгия каршылык көрсөтүп, аны Италия менен Франция колдогондуктан сунуш өтпөй калган. Маалыматты Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан басылмалардын бирине берген маегинде тастыктаганын РИА Новости жазды. Ал эми Financial Times пландан кабары бар маалымат булагына таянып, Италия менен Франция россиялык каражаттын Украинага берилбей калышында маанилүү ролду ойноп кеткендигин жазган. Италия премьери Жорж Мелони долбоордун тамырына балта чапканын, ал эми Франция президенти Эммануэль Макрон Германия канцлери Фридрих Мерцти колдобой койгонун баяндаган. Орбандын айтымында, Германия иштеп чыккан аскердик план ишке ашса, Европа өлкөлөрүн Россияга ачык эле душман кылып коймок.