Өлкөдө "Жаш ветеринар: турак-жай жана карьера" аттуу долбоор ишке кирип жатат. Бул программа ветеринарлардын жетишсиздигин азайтып, айылдарда жаш адистерди кармап калууга багытталганы кабарланды. Бүгүнку программада дал ушул долбоор жана кадр маселеси, тууралуу сүйлөштүк. Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кырдаалдык аналитика башкармалыгынын башчысы Абдулазиз Ажымаметов жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кырдаалдык аналитика башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айгерим Канатбекова жооп берди.