Министрлер кабинетинде Мамлекеттик кызмат тутумун бюрократиядан арылтуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын VI отуруму өттү. Аны өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев жетектеди. Ведомстволор аралык комиссия 2025-жылдын март айында түзүлүп, биринчи иш-чаралардын пакети, анын ичинде 36 ченемдик-укуктук акт жана 10 системалык көрсөтмө февраль айында бекитилген. Сегиз айдын ичинде ушул сыяктуу чечимдердин алты пакети кабыл алынган. Отурумда бюрократияны жоюу боюнча чаралардын VI пакетин түзгөн сунуштар айтылды. Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Улуттук статистика комитети өкмөттүн концепциясын иштеп чыккан. Ал маалыматтарды талдоонун негизинде башкаруу чечимдерин кабыл алуу практикасын ишке ашырууну карайт. Мында Экономика министрлигинин алып бара турган иштери белгиленди. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө "нөл-плюс" жана "нөлдүк бюрократия" принциптерин, "Түндүк" системасы аркылуу даректүү ыкмага жана автоматтык эсептөөлөргө өтүү максатында салыктык чегерүүлөргө талдоо жүргүзөт. Бизнеске профилактикалык консультация берүү системасын киргизүүнү сунуштайт, онлайн-соодага салык салуу реформасын ишке ашырат. Мамлекеттик органдар тарабынан берилген жарлыктар жана башка көптөгөн демилгелер менен сунуштар бюрократияны кыскартуу боюнча чаралардын алтынчы пакетине бириктирилип, ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан жактырылды.
Кыргызстанда бир жарым жыл аралыгында жүндү жана терини кайра иштеткен ири завод курулат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Мамлекет бөлгөн 100 гектар жерге учурда суу, электр кубаты тартылып, өндүрүштүк канализация тутуму курулууда. "Инвесторлорго жаңы, заманга бап келген жабдуу, техника коёсуңар, сыртка эч кандай жыт чыкпашы керек деген талап коюп жатабыз. Ал жерде чала иштетилген тери эмес, даяр булгаары чыгарылат. Завод 1,5 жыл ичинде салынып бүтөт", — деген Төрөбаев. Өкмөт март айында уй менен жылкынын терисин экспорттоодо бажы алымын өзгөрткөн. Жаңы эрежеге ылайык, 31-декабрга чейин теринин тоннасына 50 евродон кем эмес бажы алымы белгиленген. Ал эми 2026-жылдын 1-январынан тартып бул ставка 100 евродон аз болбойт.
Владимир Зеленскийдин жаңжал аягына чыккан соң 800 миң кишиден турган армиясын камсыздай албай турганын моюндашы Киевдин каржылык кыйроосун көрсөтөт. Бул тууралуу кытайлык Sohu жаңылыктар порталына таянуу менен РИА Новости жазды. "Зеленский азыр армияны каржылоого мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып жатат, бул согуш талаасындагы чыныгы абалын моюнга алуу менен барабар. Украина тараптан көтөрүлгөн сүйлөшүү демилгеси эбак эле жокко чыгарылган", — деп айтылат маалыматта. Макаланын автору Россия армиясынын чабуулу тынымсыз уланып жатканын белгилеп, бул жагдай Зеленскийдин чечим кабыл алуудагы эркиндигин барган сайын чектеп жатканын айткан. Ошондой эле жакынкы айларда Украина тынчтык келишиминин катаал шарттарына макул болушу мүмкүн экени белгиленет, анткени Москва үстөмдүк кылып, Европанын жардамы чектелүү бойдон калууда. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков фронттогу абал Украинаны азыртан эле сүйлөшүүгө түртүшү керек экенин билдирген.