Бүгүнкү күндө өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 98,6%ы интернетке туташтырылган. Бул тууралуу “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешмеде Агартуу министрлигинин отчеттук видео тасмасында белгиленди. Маалыматка ылайык, быйыл Агартуу министрлиги тарабынан билим берүү системасын санариптештирүүгө өзгөчө басым жасалып, бир катар автоматташтырылган маалыматтык системалар — “Күндөлүк”, “Мугалим”, “Мектеп инфраструктурасы”, “Мектеп”, “Санарип аттестат” платформалары ийгиликтүү ишке киргизилген. Бул мугалимдердин кагаз ишин бир топ кыскартып, билим берүү процессин ачык-айкын жана натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзүүдө. Ошондой эле инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө да көңүл бурулууда. Айрыкча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү же ар кандай себептерден улам мектепке бара албаган балдар үчүн шарттар кеңейип жатат. 2025-жылы түзүлгөн “Тунгуч” онлайн мектеби чет өлкөдө жашаган окуучуларга жана өзгөчө билим берүүгө муктаж балдарга билим берүү системасына жетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Учурда аталган мектепте 47 мугалим 2 миң 375 окуучуну бардык предметтер боюнча окутуп жатат.
Бишкекте чыгыш айланма жолунун курулушуна старт берилди.16 чакырымдык жаңы транспорттук коридор борбор калаанын чыгыш бөлүгүндө калк жыш жайгашкан аймактан обочо түшөт. Долбоордун алкагында беш транспорттук түйүн жана Кант тарапка эстакадалык көпүрө курулат. Ошондой эле аталган жолго чейин барган негизги көчөлөр оңдолот. Алсак, Лев Толстой, Ахунбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрү (Ауэзовдон чыгыш айланма жолуна чейин )Ошондой эле Жукеев-Пудовкин көчөсү (Токомбаевден Иманалиев көчөсүнө чейин); Иманалиев көчөсү (Жукеев -Пудовкинден 7-апрель көчөсүнө чейин) реконструкцияланат. Жалпы жолдун узундугу 32 чакымыды түзөт.
КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы коммерциялык келишимдердин 96 пайыздан ашыгынын эсеп-чоту улуттук валюта менен жүрөт. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин КМШ лидерлеринин бейформал саммитинде билдирди.Ошондой эле Россия лидери Санкт-Петербургда айткан учурларга токтолсок: КМШ беделдүү биримдик катары өзүн таанытты; КМШнын алкагындагы валюта-финансы тармагындагы кызматташуу кеңейип жатат; шериктештиктин өлкөлөрү технологиялык суверендүүлүгүн бекемдөөдө; террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү КМШнын негизги багыты бойдон калууда; шериктештиктин алкагында өнөктөштүктү арттыруу биримдикке мүчө мамлекеттердин түпкү кызыкчылыктарына шайкеш келет; Евразия мейкиндигинде жаңы өндүрүштүк жана транспорттук байланыштар түзүлдү. Түндүк — Түштүк жана Чыгыш — Батыш багытындагы логистикалык коридорлор жаңыланууда; шериктештикке кирген мамлекеттер бирдиктүү маданий-гуманитардык мейкиндикти сактоо жана жарандар арасындагы алакаларды кеңейтүү багытында кызматташууда. Анткени элдерди салттардын, маданияттардын, руханий баалуулуктардын жана туугандык байланыштардын тамыры бириктирет;