Садыр Жапаровго Лев Толстой атындагы эл аралык тынчтык сыйлыгы тапшырылды

Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Лев Толстой атындагы эл аралык тынчтык сыйлыгын алды. Аны тапшыруу аземи 21-декабрда Владимир Путиндин катышуусу менен Санкт-Петербург шаарында өттү.
Тынчтык сыйлыгы Кыргызстандын лидери Жапаров менен кошо Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмонго жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевге Борбор Азиядагы тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөгө кошкон салымдары үчүн берилди. Алар быйыл жазда түбөлүк достуктун Хожент декларациясына кол коюшуп, чек ара маселесин чечүүгө жетишкен.
ЕАЭБде экономикалык кызматташуу күчтөндү. Жапаровдун саммиттеги билдирүүсү