ЕАЭБ саммитинин жыйынтыгы боюнча документтерге кол коюлду. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Санкт-Петербургда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Саммиттин жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:
ЕАЭБ, анын мүчөлөрү менен Индонезиянын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашуу;
"ЕАЭБдин негизги өнөктөштөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты орто мөөнөттүү келечекке өнүктүрүү ыкмалары жөнүндө" чечим;
"2026-жылга бюджет жөнүндө" чечим;
"ЕАЭБ менен Өзбекстандын ортосунда ЕАЭБдин жана Өзбекстандын бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана эл аралык транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу макулдашуу түзүү боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө" чечим;
"ЕАЭБдин 2026-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө" чечим;
"2026–2027-жылдарга ЕАЭБ мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө" чечим;
"Импорттук бажы алымдарынын, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын суммаларын которуу тартиби жөнүндө" чечим;
"Курулуш жаатындагы долбоорлорду башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн секторлору боюнча либералдаштыруу пландарын бекитүү жөнүндө" чечим;
"ЕАЭБ алкагында туризмди өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" чечим;
"Продукцияга карата милдеттүү талаптар бузулганда, ЕАЭБ мамлекеттеринин мыйзамдарында милдеттүү баа берүү жол-жоболору жана эрежелери бузулганда жоопкерчиликти белгилөөгө карата жалпы принциптерди жана ыкмаларды аныктоо жөнүндө" чечим;
"Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик-фитосанитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндөгү талаптарды жана жол-жоболорду бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктоонун жалпы принциптери жана ыкмалары жөнүндө" чечим;
"2024-жылы ЕАЭБ органдарындагы тышкы аудиттин (контролдун) жыйынтыктары жөнүндө" чечим;
"2024-жылга ЕАЭБ бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу" чечим;
"ЕАЭБ сотуна кайрылууда чарба жүргүзүүчү субъектилер тарабынан төлөнүүчү алымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" чечим;
"ЕАЭБ органдарындагы төрагалык жөнүндө" чечим;
"2015-жылдын 8-майындагы Евразия экономикалык кеңешинин чечимин ишке ашыруу жөнүндө" буйрук;
"ЕАЭБ сотунун төрагасынын кадр маселелери боюнча ишмердүүлүгүнүн айрым маселелери жөнүндө" буйрук;
"ЕАЭБ мамлекеттеринин финансы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү жана союздун жалпы финансы рыногун түзүү мамилелери жөнүндө" буйрук;
"Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" буйрук;
2030 жана 2045-жылга чейинки ЕАЭБдин алкагында экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндөгү декларацияны ишке ашыруу боюнча "Евразиялык экономикалык жол" жол картасы.
Путин: Кыргызстан ИДПнын өсүшү боюнча ЕАЭБде чемпион болду