Трамптын администрациясына Киевге караганда АКШнын улгайган адамдары маанилүү

Вэнс: Трамптын администрациясына Киевге караганда АКШнын улгайган адамдары маанилүү
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын администрациясы Украинаны финансылык жактан колдоого караганда, улгайган америкалыктарга көмөктөшкөндү биринчи орунга коет. Бул туурасында АКШнын вице-президент Жей Ди Вэнс айтканын РИА Новости жазды.
"Биз улгайган америкалыктарга жардам берип жатабыз, анын ичинде социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдөн салыктарды алып салуу аркылуу да колдоо көрсөтөбүз. Анткени биз ата-энелердин бардык каражатын Украинага жөнөтүү эмес, аларды урматтоо маанилүү деп эсептейбиз", — деген вице-президент.
АКШнын администрациясы мурдараак Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу планын иштеп чыгуу тууралуу жарыялаган эле. Ал эми Кремлден Россия сүйлөшүүлөргө ачык экенин жана Анкорижде талкуулангандарды кармана тургандыгын айтышкан эле.
ЖМК: Россиянын активдеринен улам ЕБдин лидерлеринин ортосун кара мышык аралады