БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф Россия президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев менен Майамидеги сүйлөшүүсүн жемиштүү болду деп сыпаттады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Соңку эки күндүн ичинде Флорида штатында Россиянын атайын өкүлү Кирилл Дмитриев АКШнын делегациясы менен Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча Трамптын тынчтык планынын алкагында жемиштүү жана конструктивдүү жолугушууларды өткөрдү", — деп жазды Уиткофф X социалдык тармагына.
Ал ошондой эле жолугушууга америкалык тараптан Ак үйдүн кызматкери Жош Грюнбаум да катышканын тактады.
Атайын өкүл Россия АКШнын жаңжалды жөнгө салуу жана глобалдык коопсуздукту калыбына келтирүү боюнча көрсөткөн аракеттерин жана колдоосун жогору баалай турганын белгилеген.
Анын алдында Дмитриев Майами шаарында Уиткофф жана АКШ президентинин күйөө баласы Жаред Кушнер менен сүйлөшүү жүргүзгөн.
Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, Дмитриев Вашингтондун украиндер жана европалыктар менен жүргүзгөн байланыштары тууралуу маалымат алышы керек. Андан кийин ал бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Владимир Путинге кабарлайт.
Кремлдин өкүлү ошондой эле россиялык лидер Дмитриев аркылуу америкалык тарапка эч кандай билдирүү же маалымат жибербегенин кошумчалады.