БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. 2026-жылдын 1-январынан тарта Токмоктогу мал базар жабыла турганын шаар мэриясы билдирди.
Маалыматта мындай чечим инженердик, санитардык жана ветеринардык инфратүзүм жок болгону үчүн кабыл алынганы айтылат.
Текшерүү учурунда төмөнкүдөй алешемдиктер аныкталган:
малды кароо жана сатуу үчүн шарт жок;
аймактын санитардык абалы начар;
коомдук жайларда, анын ичинде дааратканада да шарт жок;
дренаж жана суу агып кетүүчү арыктар жок болгондуктан дайыма чыла;
соода объектилерин жайгаштырууда шаар куруу жана жер мыйзамдары бузулган;
базардын аймагында жол коопсуздугу камсыздалган эмес.