Салык кызматы шылуундардан сак болууну эскертти

Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы алардын атынан билдирүү жөнөтүп, акча которууну талап кылган алдамчылык фактыларынын көбөйгөндүгү тууралуу айтып, элге эскертүү берди.
"Салык кызматы мессенджерлер же социалдык тармактар аркылуу акча которууну, ошондой эле салыкты ушундай жол менен төлөөнү талап кылбай тургандыгын эскертет. Түшкөн маалыматтарды текшерүүнү же анык эмес билдирүүлөр болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз", – деп маалыматта айтылган.
"Вице-мэрмин" деп эркек кишинин 5,5 млн. сомун алдап кеткендер кармалды. Видео