Москвадагы жарылуудан генерал-майор Сарваров каза тапты

Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Москванын түштүгүндө бомбанын жарылуусунан генерал-лейтенант Фанил Сарваров каза болду. Бул тууралуу РИА Новостиге РФ Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко билдирди.
Буга чейин Тергөө комитети Москванын түштүгүндө болгон окуядан бир адам жабыркап, бир унаа зыянга учураганын, кылмыш иши козголгонун билдирген.
"Окуянын кесепетинен Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын ыкчам даярдоо башкармалыгынын жетекчиси, генерал-лейтенант Фанил Сарваров каза болду", — деди Петренко.
Анын айтымында, тергөө кылмыштын ар кандай версияларын талдоодо. Кылмышты Украинанын атайын кызматтары уюштурушу мүмкүн экени айтылууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ФСБ Брянскиде украиналык диверсанттарды жок кылуу боюнча операция жүргүзүп жатат