БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. КМШ өлкөлөрү БУУнун координациялоочу ролу менен жаңы, адилеттүү дүйнөлүк тартипти калыптандырууну жактайт. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин КМШ лидерлеринин бейформал саммитинде айтты.
"КМШга мүчө бардык мамлекеттер дүйнөлүк маселелерди жөнгө салууда негизги, башкы роль Бириккен Улуттар Уюмуна тиешелүү болушу керек деп эсептешет жана дүйнөдө адилеттүү тартиптин болушун каалайт. Бул эл аралык укуктун алкагында бардыгына тараган жалпы кабыл алынган эрежелерге таянышы керек", — деген Путин.
РФ лидеринин айтымында, КМШга кирген өлкөлөрдүн негизги аймактык жана глобалдык маселелерге болгон мамилеси бири-бирине жакын.
"Албетте, шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн дүйнөлүк жана регионалдык маанидеги негизги маселелер боюнча жакын же дал келген позицияларда туруп жатканы да маанилүү нерсе", — деп белгилеген Путин.
Эске салсак, бүгүн КМШ лидерлери Санкт-Петербург шаарына бейформал саммитке чогулду. Бул иш-чара Путиндин демилгеси менен өтүп жатат.