Караколдогу мектеп зомбулугу боюнча арызды караган УКМК ишти аягына чыгарды

Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Каракол шаарындагы Карга Мендегул уулу атындагы №7 мектептин жетекчилигинен жети адам билим жайындагы рэкеттик иштер боюнча арыздануудан кийин жазага кириптер болуп, бир катарлары иштен кетти. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, Көлдүн борбор шаарындагы мектептин 9-"А" классынын ата-энелер комитетинин өкүлү аталган билим жайындагы системалуу зомбулук боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Комитет аталган фактыны текшерип чыккан.
Тергөөнүн жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жашы жете электердин арасында кылмыштуулукту азайтуу боюнча иштер тийиштүү жүргүзүлбөгөнү аныкталган. Жаш муундарды адеп-ахлактык жана руханий тарбиялоо боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган милдеттер аткарылбай жатканын табышкан.
Жогорудагы иштерден кийин Каракол мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.А.Т., Каракол шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын өспүрүмдөр менен иштөө боюнча участкалык инспектору А.Б.Б. иштен кеткен.
Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы сөгүш, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары катуу сөгүш алган. Аталган калаанын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жашы жете электер боюнча ыкчам кызматкери кызматтык милдеттерди толук аткарбаганы үчүн Жыргалаң шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы да сөгүш уккан.
Каракол шаарынын социалдык блок боюнча вице-мэри четте калбай, ага да катуу сөгүш берилген. Мындан тышкары, Карга Мендегул уулу атындагы №7 орто мектептин 11-классынын эки окуучусу, 10-класстын алты окуучусу, Жусуп Баласагын атындагы КМЮА колледжинин студенти Ички иштер бөлүмүнүн атайын каттоосуна алынган.
Караколдогу мектеп рэкетчилиги боюнча кылмыш иши козголду