БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик менен Индонезия Санкт-Петербургда өткөн саммиттин алкагында эркин соода боюнча келишимге кол койду.
Кол коюу аземине Россиядан вице-премьер Алексей Оверчук, ал эми Индонезия тараптан соода министри Буди Сантосо катышты.
ЕАЭБдин божомолу боюнча, макулдашуунун аркасында алдыңкы үч-беш жыл ичинде кол койгон тараптардын ортосундагы соода эки эсеге көбөйөт. Индонезия биримдик өлкөлөрүнө пальма майы менен кофенин экспортун көбөйтсө, ЕАЭБ мүчөлөрү Индонезиянын рыногуна жер семирткич, энергетикалык жана механикалык каражаттарды сатат.
РФ лидери Владимир Путин мурда белгилегендей, документ 90%дан ашык товардык номенклатурага жана өз ара соода жүгүртүүнүн болжол менен 95%на эркин соода режимин орнотот.