Бишкек мэри чыгыш айланма жолунун курулушун баштап берди

Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкекте чыгыш айланма жолунун курулушуна старт берилди.
1 / 3

Бишкекте чыгыш айланма жолунун курулушу башталды

2 / 3

16 чакырымдык жаңы транспорттук коридор борбор калаанын чыгыш бөлүгүндө калк жыш жайгашкан аймактан обочо түшөт

3 / 3

Долбоордун алкагында беш транспорттук түйүн жана Кант тарапка эстакадалык көпүрө курулат

16 чакырымдык жаңы транспорттук коридор борбор калаанын чыгыш бөлүгүндө калк жыш жайгашкан аймактан обочо түшөт.
Долбоордун алкагында беш транспорттук түйүн жана Кант тарапка эстакадалык көпүрө курулат.
Ошондой эле аталган жолго чейин барган негизги көчөлөр оңдолот. Алар төмөнкүлөр:
Лев Толстой көчөсү (Ауэзовдон чыгыш айланма жолуна чейин – 5,7 чакырым);
Ахунбаев көчөсү (Ауэзовдон чыгыш айланма жолуна чейин – 3);
Сухэ-Батор көчөсү (Ауэзовдон чыгыш айланма жолуна чейин – 2);
Жукеев-Пудовкин көчөсү (Токомбаевден Иманалиев көчөсүнө чейин – 2,2);
Иманалиев көчөсү (Жукеев -Пудовкинден 7-Апрель көчөсүнө чейин – 3).
Жалпы жолдун узундугу 32 чакырымды түзөт.
Чүй проспектинин ЦУМдун тушундагы бөлүгү ачылды. Видео