БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Чүй районунун акими Русланбек Тагаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалганын УКМКдан кабарлашты.
Комитеттин билдиргенине караганда, ал дарыянын жээгиндеги 0,1 гектардан ашпаган жерден кум-шагыл аралашмасын казып алууга лицензияны мыйзамсыз берген. Бирок иш жүзүндө 20 гектарды пайдаланууга уруксат берилгени айтылды.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
"Мындан тышкары, айрым чарбалык субъектилер менен кылмыштуу кутумга кирип, ошондой эле жакын тууганынын кызыкчылыктарын коргоо максатында өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен күбөлүктөрдү берүүгө уруксат берген", — деп билдиришти комитеттен.
Аткаминер Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Атайын кызматтан учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүп жатканын кошумчалашты.