БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн баарынан кыргыз тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүү талап кылынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов республикалык педагогикалык форумда билдирди.
Ал алдыдагы иште мамлекеттик тилге, адабиятка, Кыргызстандын тарыхына жана географиясына жаңы мамиле өзгөчө орунду ээлей турганын белгилеген.
"Кыргыз тилин үйрөтүү ыкмалары толугу менен каралып чыгат. Мамлекеттик тилде эркин сүйлөө — бул жөн гана формалдуулук же символ эмес. Бул — өлкөнүн коомдук, кесиптик жана саясий жашоосуна толук кандуу катышуунун ачкычы. Кыргыз тилин мыкты өздөштүрүүнү бардык бүтүрүүчүлөрдөн талап кылабыз. Муну менен бирге мамлекет өлкөдөгү бардык этникалык топтордун эне тилин окуп үйрөнүүсүнө ар тараптан колдоо көрсөтөт", — деди Байсалов.
Аткаминердин айтымында, тарых менен география сабактарын окутуунун ыкмаларын жаңылоого өзгөчө көңүл бурулмакчы.
"Баарына жаккыдай чечим кабыл алууга убактыбыз жок. Ар кандай методикаларды карап көрөбүз, мазмунун жаңыртабыз, улам түздөп, кошумча-алымча киргизип алдыга жыла беребиз", — деди өкмөт мүчөсү.