БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. АКШнын Федералдык резервдик системасынын акча-кредиттик саясаты мындан ары да жумшарышы мүмкүн болуп турган чакта алтындын баасы тарыхый максимумга жетти. Буга сезондук фактор дагы таасир этүүдө.
Бүгүн Москва убактысы боюнча саат 8:11ге карата Нью-Йорктун Comex биржасында декабрь айындагы алтын фьючерстери 45,30 долларга же 1,03 пайызга кымбаттап, троя унциясы үчүн 4432,60 долларды түздү. Буга чейин соода сессиясында баа бир унция үчүн 4435,15 долларга чейин көтөрүлүп, рекорд койгон.
Декабрь айындагы күмүш фьючерстери катуу өсүштү көрсөтүп, 2,78 пайызга жогорулап, унциясы үчүн 69,362 долларды түздү. Буга чейин соода сессиясында күмүштүн баасы да бардык убактагы эң жогорку чекке жетип, унциясы үчүн 69,515 долларды түзгөн.
АКШнын Федералдык резерв системасы декабрдагы жыйынынан кийин эталондук пайыздык ченди үчүнчү жолу катары менен 25 базистик пунктуга төмөндөтүп, 3,5%дан 3,75%га чейин түшүрдү. Регулятордун жаңы жылдагы биринчи отуруму 27-28-январга пландалган.
Кыргызстанда да Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы апта бою көтөрүлүүдө. Бүгүнкү күндө 1 граммдык куйма 13 миң 627 сом болсо, 100 граммдыкы 1 миллион 259 миң 983 сомго бааланууда.