БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Быйыл биринчи жана экинчи класска кирген балдар мектеп реформасын толук кандуу көрүп, жаңыланган, трансформацияланган мектептик этапты басып өтүшөт. Бул тууралуу минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Ал республикалык педагогикалык форумда сүйлөп жатып, аталган балдар 2036-2037-жылдары мектепти аяктап, таптакыр башкача дүйнөгө кадам таштаган жаштардан болорун белгилеген.
"Ошондуктан бул муунду "Алтын казык мууну" деп атайбыз. Бул балдар азыртадан тартып биз өскөн өлкөдөн айырмаланган Кыргызстанда чоңоёт. Алар өз алдынчалуулукка жана жоопкерчиликке багыт алган мектепте билим алышат. Башкысы — алар биз көнүп калган дүйнөдөн алда канча талапчыл дүйнөдө жашашат. Алар ата-энелерине жана улуу муунга караганда материалдык жактан кыйла камсыз чөйрөдө өсөт", — деп белгилеген аткаминер.
Ал мектеп реформасы эң оболу мугалимге, мектепке жана улуттун келечеги үчүн жоопкерчиликке болгон мамиленин реформасы экенин белгилеген. Билим берүүнү трансформациялоо бул жалпы улуттук милдет катары каралып, ал мугалимдердин, ата-энелердин, мамлекеттин жана бүтүндөй коомдун катышуусун талап кыларын айткан.