БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. УКМК 180 миң доллар пара опузалоого шектелип ИИМ кызматкери кармалганын кабарлады.
Маалыматка караганда, Ж.К.Т. аттуу жаран 14-декабрь күнү 90 миң долларды накталай алып жаткан жеринен колго түшкөн.
"Шектүү ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери М.А.Ж. менен биргеликте кылмыштын квалификациясын өзгөртүүгө көмөктөшүү шылтоосу менен 180 миң доллар талап кылган. Мындан тышкары, тинтүү учурунда ага таандык автоунаадан скотч менен оролгон кара түстөгү полиэтилен баштык табылып, ичинен жалпы салмагы 105 грамм болгон гашиш алынган", — деп айтылат кабарда.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.