2025-жыл. Кыргызстан эл аралык экономикалык алакаларын кандай түздү?

Sputnik
2025-жылы Кыргызстан эл аралык экономикалык алакаларынын бир топ жаңы багыттарын ачты. Тарыхта мамлекеттик сапарлар боло элек өлкөлөргө барган президент Садыр Жапаров инвестиция тартуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып, туризмдин өнүгүшүнө чыйыр салды. Жыл ичинде жасалган сапарлар, андагы жетишилген макулдашуулар кандай өңүттө болду? Келечекте кандай инвестициялар келиши ыктымал? Эми кол коюлган документтерди ишке ашыруу, салынган мамиле көпүрөлөрүн андан ары улантып кетүү өкмөттүн колундабы же ишкерлердинби? Бүгүнкү “Экономикалык панорама” уктуруусунда талкууладык.