Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. КМШ өлкөлөрүнун башчыларын Россия президенти Владимир Путин тосуп алды. Мамлекет башчылары үчүн программанын башында Мамлекеттик Эрмитажда кыскача экскурсия уюштурулган. Александр жана Георгий залдары, ошондой эле айрым экспонаттар көрсөтүлдү. Андан соң КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Эрмитаждын Георгий залына барышып, ал жерде бейформал жолугушуу өттү. Жолугушууда лидерлер КМШ органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга негизги артыкчылыктуу багыттарды аныкташты.
УКМК 180 миң доллар пара опузалоого шектелип ИИМ кызматкери кармалганын кабарлады.Маалыматка караганда, кызматкер 14-декабрь күнү 90 миң долларды накталай алып жаткан жеринен колго түшкөн. "Шектүү ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери менен биргеликте кылмыштын квалификациясын өзгөртүүгө көмөктөшүү шылтоосу менен 180 миң доллар талап кылган. Мындан тышкары, тинтүү учурунда ага таандык автоунаадан скотч менен оролгон кара түстөгү полиэтилен баштык табылып, ичинен жалпы салмагы 105 грамм болгон гашиш алынган", — деп айтылат кабарда. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
КМШ өлкөлөрү БУУнун координациялоочу ролу менен жаңы, адилеттүү дүйнөлүк тартипти калыптандырууну жактайт. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин КМШ лидерлеринин бейформал саммитинде айтты. "КМШга мүчө бардык мамлекеттер дүйнөлүк маселелерди жөнгө салууда негизги, башкы роль Бириккен Улуттар Уюмуна тиешелүү болушу керек деп эсептешет жана дүйнөдө адилеттүү тартиптин болушун каалайт. Бул эл аралык укуктун алкагында бардыгына тараган жалпы кабыл алынган эрежелерге таянышы керек", — деген Путин. РФ лидеринин айтымында, КМШга кирген өлкөлөрдүн негизги аймактык жана глобалдык маселелерге болгон мамилеси бири-бирине жакын. "Албетте, шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн дүйнөлүк жана регионалдык маанидеги негизги маселелер боюнча жакын же дал келген позицияларда туруп жатканы да маанилүү нерсе", — деп белгилеген Путин. Эске салсак, бүгүн КМШ лидерлери Санкт-Петербург шаарына бейформал саммитке чогулду. Бул иш-чара Путиндин демилгеси менен өтүп жатат.