Жаш поэзия өкүлдөрүн колдогон “Жаш акын” сынагы өттү. Анда талпынган жаштарга мүмүнчүлүк берүү, катылган таланттарды таап чыгууну максат кылышканы кабарланды. Бул чыгарылышта алгачкы ирет өткөн жаш акындардын сынагы тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга "Жаш Акын" республикалык кароо сынагынын уюштуруучусу Кубаныч Ашымов, "Жаш Акын" республикалык кароо сынагында 1-орунду ээлеген Болот Мамбетисаев жана "Жаш Акын" республикалык кароо сынагында 2-орунду алган акын Кутман Каныбек уулу жооп берди.