2025-жылдын 11 айында өлкөдө өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алып келинген товарлардан бюджетке 19 млрд 493 млн 60 мин сом акциз салыгы камсыз болду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салыкты чогултуу боюнча көрсөткүчтөр 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 1,7 млн сомго же 17,3%га көбөйгөн. Кыргызстанда өндүрүлгөн акциздик продукциядан 2025-жылдын январь-ноябрь айларында 4 млрд 826,3 млн сом акциз салыгы келип түштү. Анын ичинде: алкоголдук продукциядан 3 млрд 448,3 млн сом; алкоголсуз суусундуктардан 1 млрд 297 млн сом; мунайзаттан 70 млн сом; тамеки продукциясынан 8,2 млн сом түшкөн. Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген акциздик продукциялардан 14 млрд 666,8 млн сом салык чогултулган. Анын ичинде: тамеки продукциясынан 9 млрд 111,7 млн сом, мунайзаттан 3 млрд 670,9 млн сом, алкоголдук продукциядан 653,7 млн сом жана алкоголсуз суусундуктардан 749,2 млн сом жыйналган.
Чүй районунун акими Русланбек Тагаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалганын УКМКдан кабарлашты. Комитеттин билдиргенине караганда, ал дарыянын жээгиндеги 0,1 гектардан ашпаган жерден кум-шагыл аралашмасын казып алууга лицензияны мыйзамсыз берген. Бирок иш жүзүндө 20 гектарды пайдаланууга уруксат берилгени айтылды."Мындан тышкары, айрым чарбалык субъектилер менен кылмыштуу кутумга кирип, ошондой эле жакын тууганынын кызыкчылыктарын коргоо максатында өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен күбөлүктөрдү берүүгө уруксат берген", — деп билдиришти комитеттен. Аткаминер Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Атайын кызматтан учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүп жатканын кошумчалашты.
Москвада жаш фотожурналисттер үчүн Андрей Стенин атындагы XII эл аралык сынакка эмгектерди кабыл алуу башталды. 2014-жылдын жай айларында Донецкинин жанында курман болгон "Россия сегодня" медиатобунун фотокабарчысынын элесине арналган сынак, салтка ылайык, анын туулган күнүндө — 22-декабрда старт алды. "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев быйылкы сынак өзгөчө экендигин белгиледи. "Стенин конкурсу 12-жолу эмгектерди кабыл алууда. Быйыл мурдагылардан айырмаланып, катышуучуларга кубанычтуу сюрприз даярдадык. Жылдын жаңы номинациясы "Жашоонун энергиясы" деп аталды. Ага 34 жаштан жогору курактагы фотожурналисттер өз иштерин тапшыра алат. Биздин миссиябыз — жаңы ысымдарды таанытуу жана жаш фотографтарга жол ачуу. Ошол эле учурда, жаштарга багыт берген тажрыйбалуу кесипкөйлөрдүн эмгектерин көрүү да абдан кызыктуу болот. Биз устаттардын да, жаңы баштаган авторлордун да долбоорлорун күтүп жатабыз", — деген ал. Кесипкөй фотографтар өз арыздарын конкурстун расмий сайтына орус жана англис тилдеринде 2026-жылдын 28-февралына чейин тапшыра алышат.