Бишкекте жыл сайын күзүндө-кышында, аба булганып, түтүн, ыш каптайт. Маселе жылда талкууланып, түрдүү аракеттерди көрүшкөнү менен бул нерсе дагы деле чечилбей келет. Бир жылдары бул мезгилде Бишкек эң абасы булганган шаарлардын тизмесин жетектеп, парламентте шаарга “өзгөчө кырдаал” киргизүү дагы сунушталган. Бүгүнкү ачык кеп программасында дал ушул ыш маселесижана аны чечүүнү жолдору тууралуу маектештик.