ЕАЭБ алкагындагы экономикалык кызматташуу өнүгүп гана тим болбостон, күч алууда. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында өткөн ЕАЭБ саммитинде билдирди. Өлкө лидери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода дээрлик 100 миллиард долларга жеткенин, ишенимдин, кызыгуунун көрсөткүчу экендигин белгиледи."Быйыл ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча көптөгөн иштер жасалды; быйылкы жыл оңой болгон жок. Бирок ага карабастан Кыргызстандын ИДПсы 11 айда 10,2 пайызга өстү. Бул биздин биргелешкен эмгегибиз; соода жана энергетика коопсуздугу алдыңкы орунга чыгууда. ЕАЭБ бул жааттарда ишин күчөтөт" деди Жапаров.
Президент Садыр Жапаров Лев Толстой атындагы эл аралык тынчтык сыйлыгын алды. Аны тапшыруу аземи 21-декабрда Владимир Путиндин катышуусу менен Санкт-Петербург шаарында өттү.Тынчтык сыйлыгы Кыргызстандын лидери Жапаров менен кошо Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмонго жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевге Борбор Азиядагы тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөгө кошкон салымдары үчүн берилди. Алар быйыл жазда түбөлүк достуктун Хожент декларациясына кол коюшуп, чек ара маселесин чечүүгө жетишкен.
Жыл башынан бери өлкөдө 1545 чакырым жолго асфальт басылды. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев радиолордун биринде түз эфиринде маек берип жатып айтты. Анын айтымында, мындан тышкары бир катар жолдордо ири көлөмдө асфальт басууга чейинки жер иштери аткарылып, кийинки жылы асфальттоого даярдалды. "Жылдын башында 1 миң чакырымдын тегерегиндеги жолго асфальт басууну пландаганбыз. Бул жыйынтыкка министрликтин жалпы кызматкерлеринин жана өнөктөштөрдүн аракети менен жетиштик. Мындай көлөм башка жылдарга салыштырмалуу өтө чоң рекорд", - деди Базаралиев.
Кыргызстандан чыккан косметика чет жактарда таанымал боло баштады. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Январь – октябрь айларында өлкөдөн 2,2 миң тонна косметикалык продукция экспорттолгон. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөн кыйла жогору. Негизги сатып алуучулар — ЕАЭБге мүчө өлкөлөр. Мындан тышкары, косметикалык продукция аз өлчөмдө Румынияга, Эстонияга, БАЭге жана Афганстанга экспорттолгон. Дагы сегиз өлкө өтө эле аз көлөмдө сатып алышкан.
АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф Россия президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев менен Майамидеги сүйлөшүүсүн жемиштүү болду деп сыпаттады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Ал ошондой эле жолугушууга америкалык тараптан Ак үйдүн кызматкери Жош Грюнбаум да катышканын тактады. Атайын өкүл Россия АКШнын жаңжалды жөнгө салуу жана глобалдык коопсуздукту калыбына келтирүү боюнча көрсөткөн аракеттерин жана колдоосун жогору баалай турганын белгилеген.Анын алдында Дмитриев Майами шаарында Уиткофф жана АКШ президентинин күйөө баласы Жаред Кушнер менен сүйлөшүү жүргүзгөн.Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, Дмитриев Вашингтондун украиндер жана европалыктар менен жүргүзгөн байланыштары тууралуу маалымат алышы керек. Андан кийин ал бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Владимир Путинге кабарлайт.