Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Биримдик кербени" долбоору башталды. Ага ылайык, суу Көчмөндөр оюндарынын символикасына айланып, жашоодогу маанисин белгилейт. 2026-жылдын 31-августунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде баатырлар менен элчилер кербен менен "Бишкек аренасын" көздөй бет алышат. Жалпы иш-чарага даярдык, маданий, илимий, спорттук программа менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча эл аралык катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча эл аралык секретариаттын PR менеджери Айзада Нурадилева тааныштырды.