Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Россияга товар жөнөткөн тигүүчүлөрдүн маселеси менен иштөөгө Экономика министрлигинде штаб түзүлгөнүн Адылбек Касымалиев билдирди. Мурдараак социалдык тармактарда Кыргызстандагы тигүү цехтери кыйын абалга туш болгону, тагыраагы, алардын тиккен товарларынын Россияга киришинде көйгөй жаралып жатканы маалымдалган. РФтин мамлекеттик органдары муну көмүскө импортко каршы күрөшүү максатында чек арадагы көзөмөл чаралардын бири экенин айтышкан. Анын айтымында, Россия тыштан келген товарларды текшерүүнү күчөттү жана ага түшүнүү менен кароо керек. Мындан улам Казакстан менен РФтин чек арасында унаалар топтолуп калган көрүнүш бар.Ал бирдиктүү оператор түзүү каралып жатканын, ал аркылуу бизден барган товарларды өткөрүү жеңил болорун белгиледи. Мындан тышкары, Ozon менен Wildberries маркетплейстеринде кошумча нарк салыгы киргизилгенин айтты.
УКМКнын төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев мамлекет Кыргызстанда футбол менен алектенгендерге бардык шарттарды түзүп бергенин айтып, алардан спорттун бул түрү боюнча жакшы жыйынтыктарды талап кылды. Муну Ташиев 19-декабрда, KFU FOOTBALL AWARDS 2025, тагыраагы, футбол жаатындагы мыктыларды сыйлоо аземине катышканда айтты.Ал президент Жапаров спортту колдоо боюнча экинчи жарлыгын чыгарганына токтолгон.УКМК төрагасы сөзүнүн соңунда тамашалап, "мындан ары ойнобосоңор, анда силер менен башкача сүйлөшөбүз" деген. Айта кетсек, өткөн жылы президент Садыр Жапаров “2024–2034-жылдарда Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Максаты — калктын ар кандай катмарын футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга жапырт тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү экени айтылган. Андан сырткары, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, кесиптик футболду өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого умтулууга тарбиялоо да көздөлө тургандыгы айтылган.
Кыргызстандан чыккан косметика чет жактарда таанымал боло баштады. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган. Январь – октябрь айларында өлкөдөн 2,2 миң тонна косметикалык продукция экспорттолгон. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөн кыйла жогору. Негизги сатып алуучулар — ЕАЭБге мүчө өлкөлөр. Тактап айтканда: Россия — 1 720 тонна; Өзбекстан — 401,1 тонна; Беларусь — 32 тонна; Казакстан — 22,4 тонна. Мындан тышкары, косметикалык продукция аз өлчөмдө Румынияга, Эстонияга, БАЭге жана Афганстанга экспорттолгон. Дагы сегиз өлкө өтө эле аз көлөмдө сатып алышкан.
Чыныбаев Мирлан Койчубекович кайрадан И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жаңы дайындалган ректор окуу жайдын жамаатына тааныштырылды.
Гонконгдогу Wang Fuk Court административдик районундагы турак жай комплексинен чыккан өрттөн каза болгондордун саны 161ге жетти. Бул тууралуу China Morning Post гезитиндеги маа