Песков: Зеленский шайлоо боюнча сөзүндө чаташып жатат

Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинадагы шайлоо боюнча айтып жатып, сөзүнөн жаңылууда. Бул туурасында РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.

“Зеленский шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча кайра-кайра комментарий берип жатат. Бирок ал улам ар кайсы нерсени айтып, өзүнүн кебин өзү жокко чыгарууда. Мисалы, ал Путиндин коопсуздукту камсыздап беребиз деген кепилдигине “Путинди шайлоого кийлигиштирбейм” деп отурат. Бирок ошол эле учурда ал буга чейин америкалыктарга кайрылган. Башкача айтканда, ал америкалыктардын аралашканына каршы эмес да, кайра шайлоого кийлигиштирбейм деп жатат. Өзүнүн сөзүнө каршы нерселерди айтып, чаташууда”, — деди ал.

Буга чейин Владимир Путин Россия Украинадагы шайлоодо коопсуздукту камсыздоо боюнча ойлонууга даяр экенин билдирген. Кеп алыскы аймактарга сокку урууну токтотуп туруу жөнүндө болгон.
Зеленский декабрдын башында Крымды кайтара албай турганын моюндап, шайлоо өткөрмөй болгонун айткан. Ал АКШ менен Европадан шайлоо өткөрүү үчүн коопсуздукту камсыздоого жардам көрсөтүүнү суранарын ачыктаган.
Зеленский Киев 800 миң кишилик армияга кудурети жетпей турганын моюндады