БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен Санкт-Петербургда жолукту. Бул тууралуу Кремлден кабарлашты.
Жолугушууда РФ президенти Жапаровго Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарындагы меймандостук үчүн ыраазычылыгын билдирди.
“Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарымдагы меймандостугуңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүн ЕАЭБ лидерлери менен укуктук-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча жемиштүү талкуу болот деп ишенем”, — деди Путин.
КР жетекчиси өз кезегинде бүгүн Кыргызстан — Россия кызматташтыгын бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
Эки өлкө президенттеринин жолугушуусу Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынын алдында болду.