Бул — физика мыйзамы. Лавров Россияга каршы санкцияларга комментарий берди

Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Турмуш жүз жылдан бери ар бир аракеттин каршы нерсеси болорун далилдеп келген. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыштын РФке каршы санкцияларына комментарий берип жатып билдирди.

“Турмуш кылымдар бою ар бир аракеттин каршы нерсеси болорун далай жолу далилдеген. Бул — физиканын да, саясаттын да, дипломатиянын да мыйзамдары”, — деген ал “Россия — Африка” өнөктөштүк форумунун министрлер конференциясынын жыйынтыгында.

“Россия — Африка” өнөктөштүк форуму 2019-жылы түзүлгөн. Анын алкагында 2019-жылы Сочиде жана 2023-жылы Санкт-Петербургда эки саммит өтүп, 2024-жылдын ноябрында министрлик конференция болгон.
Италиянын вице-премьери Россияга каршы санкциялар Европаны чөгөлөткөнүн айтты