Путин: ЕАЭБ алкагындагы кызматташтык аймактын экономикалык туруктуулугун камсыздоодо

Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. ЕАЭБ алкагындагы кызматташтык биримдиктеги беш өлкөнүн жана бүтүндөй аймактын экономикалык туруктуулугун камсыздап жатат. Бул тууралуу Владимир Путин Санкт-Петербургда өтүп жаткан ЕАЭБ саммитинде билдиргенин РИА Новости жазды.

“Мунун баары ар бир өлкөгө пайда алып келип, элдин жашоо шартына жакшы таасирин тийгизүүдө”, — деди Путин.

Россия президентинин айтымында, соода жана инвестициялык алака бекемдеп, кооперативдик байланыштар жакшырууда.
Садыр Жапаров Санкт-Петербургда Владимир Путин менен жолукту. Видео