Лукашенко ЕАЭБ көйгөйлөрү жана үчүнчү мамлекеттер менен кызматташуу тууралуу айтты

Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Александр Лукашенко ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кесиптештерин интеграция багытында иштөөгө чакырды.
Беларусь президенти көйгөйлөрдү тизмектеп, алардын арасынан бирдиктүү рынок түзүүнүн мөөнөтү жылып кеткенин жана 2014-жылдагы негизги келишимдерди карап чыгууну белгиледи.
"Товарлардын тоскоолдуксуз өтүшүндөгү көйгөйлөргө жаңыларын кошуп жатабыз. […] Беларусь тарап санариптик тоскоолдуктарды жоюу боюнча чечимдерди сунуш катары демилгелөөдө, бирок андан дагы майнап чыкпай жатат. Турмуштун өзү өлкөлөрдүн экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып бергени менен биргелешкен долбоорлор менен программалардын ишке ашырылышы дагы начар болууда", — деди ал Санкт-Петербургда өтүп жаткан саммитте.
Лукашенко кесиптештерин биримдикти түзүү максаттарына жетүү үчүн мурунку энтузиазмына кайтууга чакырды.
Путин: ЕАЭБ алкагындагы кызматташтык аймактын экономикалык туруктуулугун камсыздоодо