БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкектеги түнкү клубдардын биринде мушташ чыгып, беш киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, 20-декабрда саат 3:20да милицияга массалык мушташ тууралуу билдирүү түшкөн.
Тартип сакчылары мушташкандарды милиция бөлүмүнө жеткирген. Соттун чечими менен 18-25 жаштардагы беш адам үч күнгө камакка алынды.