БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Соңку эки суткадагы рейд маалында Бишкекте жол эрежелерин бузган 723 автоунаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу Патрулдук милициянын башкармалыгынан кабарлашты.
Рейд коомдук тартипти сактоо жана жолдогу кырсыктарды алдын алуу максатында жүргөн. Анда унааны керектүү документтери жок башкарып бараткан 100 айдоочу жана мас абалында рулга отурган 70 киши кармалган.
Патрулдук милиция кыргызстандыктарды жол эрежелерин сактоого чакырды.