БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкектеги Чүй проспектинин ЦУМдун тушундагы бөлүгү ачылды. Бул тууралуу вице-мэр Рамис Алиев өзүнүн социалдык баракчасынан билдирди.
Эске салсак, Чүй проспектинин аталган бөлүгү үстүбүздөгү жылдын 9-майынан тарта жабылган. Ал жерге жер алдынан өтүүчү эң ири өтмөк менен Old Bishkek аттуу унаа токтотуучу жай курулары айтылган.
Долбоорду Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнө таандык компания ишке ашырып жатат. Курулушка эки миллиард сом сарпталары белгилүү.