Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Соңку үч жылда Россиянын ички дүң продукциясы 9,7 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу ал суроо-жооп форматында өткөн түз эфирдеги маалымат жыйында билдирди. Путин экономикалык өсүштүн темпинин жайлашы атайын кабыл алынган чечим экенин айтып, бул кадам экономиканын сапатын жана макроэкономикалык туруктуулукту сактоо үчүн жасалганын белгиледи. Анын айтымында, мындай саясатты өкмөт, өлкө жетекчилиги жана Борбордук банк биргелешип жүргүзүүдө. Ал инфляцияны ооздуктоо багытында да оң жыйынтыктар бар экенин кошумчалады. Баштапкы максат инфляцияны 6 пайызга түшүрүү болгон, бирок жыл аягына чейин ал 5,7-5,8 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн. Мындан тышкары, Путин Россиянын экономикасы азырынча рецессия коркунучунан алыс экенин белгилеп, буга эмгек рыногундагы абал далил болуп жатканын айтты. Анын айтымында, жумушсуздуктун төмөн деңгээли экономиканын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат.
Өлкө аймактарында аңчылардын бригадалары уюштурулуп, атылган ар бир карышкыр үчүн 6000 сом, бөлтүрүккө 1500 сом, чөөгө 2000 сом төлөнөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары боюнча министрликке жырткычтар менен күрөшүү тууралуу суроо менен кайрылганыбызда билдиришти. Мекеменин билдирүүсү боюнча, жогоруда айтылган ишти жергиликтүү бийлик уюштуруп, мергенчилер аткарат. Ошону менен бирге министрликтен жырткычтар жаратылыштын "санитары" экендигин эске салып, толук кырып салууга болбостугун кошумчалашты. Мындан улам жер-жерлердеги башкармалыктар жырткычтарды эсептеп, көбөйсө атууну уюштурат. "Эл жашаган аймактарда жырткычтардын жүргөнү байкалса жергиликтүү бийликке же министрликтин аймактык башкармалыгына кат түрүндө кайрылуу керек", — дешти. Айта кетсек, соңку убактарда карышкырлар айылдарга чейин түшүп келип жатканы боюнча маалыматтар көп тарап жатат.
Владимир Зеленский Украинадагы шайлоо боюнча айтып жатып, сөзүнөн жаңылууда. Бул туурасында РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. “Зеленский шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча кайра-кайра комментарий берип жатат. Бирок ал улам ар кайсы нерсени айтып, өзүнүн кебин өзү жокко чыгарууда. ”, — деди ал. Буга чейин Владимир Путин Россия Украинадагы шайлоодо коопсуздукту камсыздоо боюнча ойлонууга даяр экенин билдирген. Кеп алыскы аймактарга сокку урууну токтотуп туруу жөнүндө болгон. Зеленский декабрдын башында Крымды кайтара албай турганын моюндап, шайлоо өткөрмөй болгонун айткан. Ал АКШ менен Европадан шайлоо өткөрүү үчүн коопсуздукту камсыздоого жардам көрсөтүүнү суранарын ачыктаган.