Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
УКМКнын төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев мамлекет Кыргызстанда футбол менен алектенгендерге бардык шарттарды түзүп бергенин айтып, алардан спорттун бул түрү боюнча жакшы жыйынтыктарды талап кылды. Муну Ташиев кечээ, 19-декабрда KFU FOOTBALL AWARDS 2025, тагыраагы, футбол жаатындагы мыктыларды сыйлоо аземине катышканда айтты.Ал президент Жапаров спортту колдоо боюнча экинчи жарлыгын чыгарганына токтолгон. "Мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнүн негизинде футболдук инфраструктуралар салыктардан, коммуналдык кызматтардын, социалдык төлөмдөрдүн бардыгын төлөбөйт. Башкача айтканда, футбол менен машыккандар, уюмдар бардык салыктардан бошотулду. Мамлекет ушул нерсени өзүнүн мойнуна алды, ал дагы эмне кылышы керек? Сиздер үчүн бардык шарттарды түзүп берди", — деген Ташиев. УКМК төрагасы сөзүнүн соңунда тамашалап, "мындан ары ойнобосоңор, анда силер менен башкача сүйлөшөбүз" деген. Айта кетсек, өткөн жылы президент Садыр Жапаров “2024–2034-жылдарда Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Максаты — калктын ар кандай катмарын футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга жапырт тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү экени айтылган. Андан сырткары футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, кесиптик футболду өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого умтулууга тарбиялоо да көздөлө тургандыгын айтылган.
Өлкө аймактарында аңчылардын бригадалары уюштурулуп, атылган ар бир карышкыр үчүн 6000 сом, бөлтүрүккө 1500 сом, чөөгө 2000 сом төлөнөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары боюнча министрликке жырткычтар менен күрөшүү боюнча суроо менен кайрылганыбызда билдиришти. Мекеменин билдирүүсү боюнча, жогоруда айтылган ишти жергиликтүү бийлик уюштуруп, мергенчилер аткарат. Ошону менен бирге министрликтен жырткычтар жаратылыштын "санитары" экендигин эске салып, толук кырып салууга болбостугун кошумчалашты. Мындан улам жер-жерлердеги башкармалыктар жырткычтарды эсептеп, көбөйсө атууну уюштурат. "Эл жашаган аймактарда жырткычтар байкалса кат түрүндө, жергиликтүү бийликке же министрликтин аймактык башкармалыгына кайрылуу керек", — дешти. Айта кетсек, соңку убактарда карышкырлар айылдарга чейин түшүп келип жатканы боюнча маалыматтар көп тарап жатат.
Евробиримдикте Россиянын активдери бөгөттөөдөн чыгарылып, кайра РФке кайтарылышын эч ким каалабайт. Бул тууралуу Бельгиянын премьер-министри Барт де Вевер биримдиктин саммити жыйынтыкталгандан кийин билдиргенин РИА Новости жазды. Өкмөт башчынын айтымында, ал каражаттарды Украинага келтирилген зыяндын ордун толуктоо үчүн колдонуну көздөп турушат. "Тоңдурулган активдер ошол бойдон калат, акырында зыяндын ордун толуктоо үчүн пайдаланылат... Европалык "үй-бүлөдө" бул акча Москвага кайтарылышын эч ким каалабайт", — деген ал. Мурдараак Politico гезити Евробиримдиктин россиялык активдерди конфискациялоо идеясына каршы чыккан де Вевер блоктун тарыхында жаңы драмалык бөлүктү баштагандыгын жазган.Белгилей кетсек