БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өлкөдөгү кант өндүргөн эки заводду модернизациялоого 25 миллион доллар бөлөт. Бул туурасында аталган фондудан билдиришти.
Заводдор модернизацияланган соң анын чийки затты сатып алуунун көлөмү көбөйүп, өлкөнүн кумшекерге муктаждыгын жаба алат.
"Кайыңды-Кант" жана "Кошой" кант заводдору 100 миңден ашык адам иштеген ири жай. Аталган заводдорго 3500гө жакын фермер чарбалар өздөрү өстүргөн продукциясын өткөрөт.
Кыргызстандын кумшекер өндүрүү тармагы көп убакыт бою өнүкпөй, тескерисинче, артка кеткен. Анын кайра бутуна туруу мезгили 2016-2017-жылдарга туура келет. Бул РКӨФтүн колдоосунун менен ишке ашкан. Анда фонд эки заводго 16 миллион доллардан каралган.