Кыргызстандан чыккан косметика чет жактарга көбүрөөк сатыла баштады. Сандар

Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстандан чыккан косметика чет жактарда таанымал боло баштады. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылган.
Январь – октябрь айларында өлкөдөн 2,2 миң тонна косметикалык продукция экспорттолгон. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөн (930 тонна) кыйла жогору.
Негизги сатып алуучулар ЕАЭБге мүчө өлкөлөр.
Тактап айтканда:
Россия — 1 720 тонна;
Өзбекстан — 401,1 тонна;
Беларусь — 32 тонна;
Казакстан — 22,4 тонна.
Мындан тышкары, косметикалык продукция аз өлчөмдө Румынияга, Эстонияга, БАЭге жана Афганстанга экспорттолгон. Дагы сегиз өлкө өтө эле аз көлөмдө сатып алышкан.
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирине гүлдөрдүн экспортун кескин көбөйттү