БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. 26-декабрдан баштап Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта Жаңы Жыл майрамына карата күн сайын азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Алар эт 600 сомдон, башка товарлар да өндүрүлгөн баасында сатыла тургандыгын билдиришти.Максат — баалардын өсүү темпин басаңдатуу, элди жеткиликтүү баадагы азык-түлүк менен камсыздоо, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо, ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу экенин кошумчалашты.
Буга чейин мындай жарманкелер Бишкек шаарында жана республиканын башка облустарында ишемби, жекшемби күндөрү өтүп келген.