Карышкыр, чөө көбөйдү. Бийлик жырткычтар менен кантип күрөшөт?

Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Өлкө аймактарында аңчылардын бригадалары уюштурулуп, атылган ар бир карышкыр үчүн 6000 сом, бөлтүрүккө 1500 сом, чөөгө 2000 сом төлөнөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары боюнча министрликке жырткычтар менен күрөшүү боюнча суроо менен кайрылганыбызда билдиришти.
Мекеменин билдирүүсү боюнча, жогоруда айтылган ишти жергиликтүү бийлик уюштуруп, мергенчилер аткарат.
Ошону менен бирге министрликтен жырткычтар жаратылыштын "санитары" экендигин эске салып, толук кырып салууга болбостугун кошумчалашты. Мындан улам жер-жерлердеги башкармалыктар жырткычтарды эсептеп, көбөйсө атууну уюштурат.
"Эл жашаган аймактарда жырткычтар байкалса кат түрүндө, жергиликтүү бийликке же министрликтин аймактык башкармалыгына кайрылуу керек", — дешти.
Айта кетсек, соңку убактарда карышкырлар айылдарга чейин түшүп келип жатканы боюнча маалыматтар көп тарап жатат.
Үйгө уулуу, жырткыч жаныбарлар менен куштарды уруксатсыз багууга болбойт. Жобо