ЖМК: Гонконгдо өрттөн каза болгондордун саны 161ге жетти

Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Гонконгдогу Wang Fuk Court административдик районундагы турак жай комплексинен чыккан өрттөн каза болгондордун саны 161ге жетти. Бул тууралуу China Morning Post гезитиндеги маалыматты РИА Новости жазды.
Гезит жергиликтүү полициянын билдирүүсүнө таянып, "каза болгондордун саны 161ге жетти" деп жазган
Соттук-медициналык экспертиза көз жумгандардын арасынан жаңы ДНК тапкандыктан маалымат кайра тактала баштаган.
"ДНК-тесттен өткөрүлүп жатат. Биз мындан башка каза болгондор жок деп айта албайбыз, алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн", — дешкен полициядан.
Гонконгдогу соңку 17 жылдагы эң ири өрт 2026-жылдын 26-ноябрында турак жай комплексиндеги көп кабат үйлөрдөн чыккан. South China Morning Post гезитинин маалыматы боюнча, өрт үйлөрдүн айланасына орнотулган бамбуктан жасалган курулуш каражаттарынан тутанып, андан соң тез жайылган.
Гонконгдогу адам өмүрүн алган өрт. Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты